Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир жаманчылыкты, жаман кабарды сезгендей, өзүнөн-өзү кооптонгондой, сестенгендей абалда болуп, тынчы кетүү, токтоно албай корко берүү, санаркоо. Асалхандын көз карашынан улам бир шумдуктун белгисин сезгендей, Анархандын жүрөгү опколжуй баштады (Жантөшев). Айнанын жүрөгү жанагыдан беш-бетер опколжуду (Жоошбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир жаманчылыкты, жаман кабарды сезгендей, өзүнөн-өзү кооптонгондой, сестенгендей абалда болуп, тынчы кетүү, токтоно албай корко берүү, санаркоо. Асалхандын көз карашынан улам бир шумдуктун белгисин сезгендей, Анархандын жүрөгү опколжуй баштады (Жантөшев). Айнанын жүрөгү жанагыдан бешбетер опколжуду (Жоошбаев). В.: Жүрөгү окторулуу. Жүрөгүм бир түркүн окторулуп кетти да? –деди Акинайга (Осмоналиев).